Мурун, мурда, а дегенде. Башта Садык келе жатканда алда кайдан ызаат кылып, кол сунуп туруучу (Байтемиров). Борис Айнанын сурмалуу көзүнө жарашып турган кара кирпиктерин башта эле жакшы көрүүчү (Байтемиров).
1. Кыймыл-аракетке, ишке, айтууга ж. б. киришүү. Түтүнүнө мал союп, Тойду баштап салышты («Мендирман»). Эртеңден баштап колхоздун курулушун баштайбыз (Сыдыкбеков). 2. Биринчи болуп журүү, алдында жүрүү, кандайдыр бир иштин башталышында биринчи болуп киришүү. Эркек бала өңөрүп, Жеңекем көчтү баштаптыр («Эр Табылды»). Шамбет-байкем өзү баштап кетменин таптаган (Сыдыкбеков). || Башында болуу, башкысы болуу. Бир жагында ордонун Манас баштап кырк чоро («Эр Төштүк»). Ат баштап, акча-пул берип, Кезегинде мен турдум (Саринжи – Бөкөй»). || Жол көрсөтүү, ээрчитүү, багыт алдыруу, башчылык кылуу, жетекчилик кылуу. Баштап жүргөн киши метрого түшүүгө кеңеш берди (Байтемиров). Бүгүн бизди саякатка мугалимдер баштап чыгышты (Сыдыкбеков). 3. Чакчыл формада: баштап. Чыгыш жөндөмөдө турган сөздөрдү жандап кыймыл-аракеттин белгилүү бир мезгилден башталгандыгын билдирүүдө колдонулат Күздөн баштап кызым Динар мектепке жаңы бара баштады (Сыдыкбеков). Эртеңден баштап колхозчуларга эмгек акы берилет (Жантөшев). 4. Бут кийимдин, көбүнчө өтүктүн же масынын башын жаңыртып, жаны баш салуу.